“Өкмөт башчы оштук болсун” дегендерге жооп: Аалы Карашев бар!

“Ким премьер-министр болот?” деген суроонун айланасында коомчулук баш катырууда. Албетте, татыктуулар бар. Айрымдар “президент түндүктөн, премьер түштүктөн дайындалганы туура” дешүүдө. Андай эле регионалдык баланс сактагылары келишсе, Аалы Карашевдин талапкерлиги кандай? Өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеген, дасыккан аппарат башчы, 0.э. вице-премьер- министр катары да эмгектенген. Билими, тажрыйбасы жетиштүү. Эми башка оштуктарга салыштырмалуу камчы салдырбайт го? Ооба, биз айрым талкуулаган топторго карата сунуш иретинде эскертип койдук. А негизи эле жерлигине эмес, тазалыгына, иштин көзүн билгенине карап, өкмөт башчыны дайындаган туура эмеспи. Ким болсо да кыргыз элинин жүгүн сүйрөй ала турган кадр болушу шарт.
“Азия Ньюс” гезити

Сиздин пикир