Өз кызын сойкулукка сатууга кылган эне кармалды

Россияда сексуалдык кулчулукка жашы жете элек кызын 1 миллион рублга сатууга аракет кылган эне тергөөчүлөр тарабынан кармалды, деп маалымдайт “ren.tv.” басылмасы.
Москвада тергөөчүлөр жашы жете элек кызын сексуалдык кулчулукка сатуу үчүн келген Тюмень шаарынын тургунун кармашты. Москва Тергөө комитетинин башкы бөлүмүнун өкүлү Юлия Иванованын айтымында, 37 жаштагы аял интернетте сексуалдык кулчулукка сатылып жаткан кызы жөнүндө билдирүү жарыялаган. Ал кызы үчүн “сатып алуучулардан” 1 миллион рубль талап кылган. Сексуалдык кулчулукка сатууга аракет кылган эне Москванын түндүгүндөгү мейманканалардын биринде пара менен кармалган. Аялга карата “Жашы жете
элек кызды сатуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Жакында ага айып тагылып, тергөө комитети кылмышка шектүүнү камакка алуу боюнча сотко кайрылат деп айтылат маалыматта.
Элдик медиа

Сиздин пикир