Баш калаанын тургунун интимдик видео менен шантаж кылып, акча талап кылган аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы маалымдады.
Билдирүүдө айтылгандай, 11-январда Ленин райондук милициясына М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда белгисиз аял «туугандарыңа интимдик видеону көрсөтөм» деп 30 миң сом талап кылып жатканын айтып, ага чара көрүүнү суранган.
Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 36 жаштагы аял 15 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан учурда кармалган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси («Пара талап кылуу») менен тергөө амалдары башталган.