Эне үйүнөн баласынын башы жок жансыз денесин таап алган

Россияда Новосибирск шаарында Совет районундагы үйдө жайгашкан батирлердин биринде улгайган эне баласынын жансыз денесин таап алган. Батирде жүргөндө аял эс-учун жоготуп коё жаздады, анткени ал жерде уулунун башы жок денесин көргөн. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери көп өтпөй анын башын табышкан. Ал окуя болгон жерден Иванов көчөсүндөгү үйдүн терезелеринин астында жаткан. Башы желим баштыкка оролгон, андыктан ага эч ким көңүл бурган эмес.

Буга байланыштуу адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда, кылмыштын бардык катышуучулары кармалды, алар маркумдун мурда соттолгон шериктери – аял менен эркек киши. Майрам учурунда алардын ортосунда жаңжал чыгып, аягы адам өлтүрүү менен аяктаган.


Сиздин пикир