Эмил Балтагулов: Илим байке, деңгээлиңиз өтө ылдый түшүп кетти. Акылыңыз менен болсоңуз жакшы болот

Ырчы Эмил Балтагулов Илим Карыпбековдун “алабукалар” деген постун өчүрбөсө бир кызыл кандуу Ала Букалык катуу уруп коёрун айтат:

“Илим байке, деңгээлиңиз өтө ылдый түшүп кетти. Күчтүү адам деп билчү элем. Постту өзүңүз жаздыңызбы?

Биз жакка сөз тийгизүүгө жол бербейбиз. Акылыңыз менен болсоңуз жакшы болот. Өчүрүп койбосоңуз бир кызыл кандуу Ала Букалык катуу уруп койсо болушпайбыз”, – дейт ал өз сөзүндө.

Эске салсак, буга чейин Илим Карыпбеков “Ала-Бука эли Садыр Жапаровду түбөлүк лидер деп тааныйт” деген кайрылуу боюнча пост жазган эле

“Урматтуу алабукалар….

Танаев деген ПМ бар эле Аскар Акаевич учурунда. Ошол киши Ала-Букага келип, чогулган эл алдына чыгып, сөзүн урматтуу алабукалыктар деп кыргызча баштап жакшы көрүнөм деп “Урматтуу алабукалар…” деп айтып алды эле. Ошондо мен Танаев мырзаны ит эле болду жаңылып деп жүргөм. Ошо анан, Танаев мырзанын арбагынан кечирим сурайм, жаңылбаптыр, алабукалар деле бар экен”.


Сиздин пикир