Шамил Жалилов: “Дастан мырза, кыргыздын башчылары, тапкан дарысы,эли жакпаса Казакстанга кетиңиз!”

Мындай пикирин активист Шамил Жалилов жеке фейсбук баракчасы аркылуу билдирди:
«Чими парламенттин бир Дастан Бекешев деген киргиз депутаты бар. Былтыр пандемия учурунда эч жеринен үн чыкпай житип жоголду эле. Быйыл болсо президентти, саламаттыкты сактоо министрлигин сындап какшыктап балакеттей статья жазыптыр. Ушул сөзүнө жараша вирустан жапа чеккен элге бир пайдасы тийген болсо ии дейт элек. Качан болсо капталдан чыкканы чыккан.
Дастан Далабаевич, биздин жетекчилер элди балээден сактап калалы деп жаны төрт чарчы болуп жатат. Эгерде колуңуздан эч нерсе келбесе жок дегенде оозуңузду жаап отуруңуз элди ичинен иритпей. Кыргыздын башчылары, тапкан дарысы, эли жакпаса кетиңиз Казакстанга. Эм Эмне кыласыз сүйбөгөнгө сүйкөнүп. Сизди да эч ким деле жактырбайт. Калп эле элдин кыжырын кайнатып көпчүлүктүн назарына чыга бербеңиз. Сизге окшоп тетири сийгендерибиз ансыз да толтура!», – деп белгилеген Шамил Жалилов.

Сиздин пикир