Чет өлкөгө кирип чыгып жүргөн атка минерлер мамлекеттик сырга кооптуулук жаратууда дейт Медетбеков

Башка өлкөдө жашап  (окуп, иштеп) жана чет жакка кеткен саясатчылар мамлекеттик сырга кооптуулук жаратууда. Мындай пикирин УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков «Марал» радиосуна берген маегинде баса белгиледи.

Медетбековдун айтымында, өлкө  эгемендүүлүк алгандан бери бир топ саясатчы чет жакка чыгып кетишкен. Тилекке каршы алар жакын адамдары бийлик бутагына кызматка орношкондо кайрадан өлкөгө келе парламентте депутат, министр болушууда.
Мындай башаламандыкка чекит коюш үчүн чет жактан келгендерди кызматка дайындоодо тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карап чыгуу керектигин билдирет.

«Сырт жакта иштеп келгендер барган мамлекетинин атайын кызматынын көзөмөлүндө болушу мүмкүн. Аларга жардам берүүгө да байланышып кетиши ыктымал. Чет жакта окуп, иштеп жүргөндөр атайын кызматтардын тизмесине илинип калып, алар менен кызматташып, Кыргызстандын мамлекеттик сырларын айтпайт деп эчи ким кепилдик бере албайт. Мунун баарын тартипке алып келүү үчүн мамлекеттик деңгээлде, мыйзам чегинде каралышы керек. Анткени мунун мааниси өтө чоң»,- дейт.

Булак:argument.kg


Сиздин пикир