Финпол эмнеге Кубанычбек Жумалиевден 160 миң доллар талап кылганы белгилүү болду

Бишкекте эркек киши парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиевден 160 миң доллар талап кылган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат басылмалары жазышууда.

Белгисиз адам өзүн жогорку даражалуу чиновниктин жардамчысы деп тааныштырып, кызматын сунуштаганы такталды. Ал жаңы дайындалган Финансы полициясынын төрагасынын орун басарларынын бири аркылуу кылмыш ишин токтотууну көздөгөн. Белгилүү болгондой, кечээ бул белгисиз кишини Биринчи май РИИБнин кызматкерлери 2 миң доллар алып жаткан учурда кармашкан.

Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусу аталган адамдын кармалгандыгы тууралуу маалыматты тастыктады. Бирок, тергөөнүн купуялуулугун айтып, кенен маалымат берген жок.


Сиздин пикир