Уят көрсөтүүгө тартылган кыргыз жылдыздары кара тизмеге кирди

Кыргызстанды дүйнө жүзүнө тааныткан жападан жалгыз журнал «Бийиктик» Эл аралык журналы Кыргыз эстрада жылдыздары Курал Чокоев, Кайрат Примбердиев, Кайрат Салмакеев жана тамада Манас Алыкуловду кара тизмеге киргизди. Бул тууралуу аты аталган журналдын редакторунун орун басары Бактыгүл Кудайбергенова билдирди.

Буга Курал Чокоевдин «В пизду звезду» +18 шоу-көрсөтүүсү себеп болгон. Эми ырчылар алдыда боло турчу «Бийиктик» Эл аралык журналынын Эл аралык ири иш-чараларына, конкурстарына катыша алышпайт.

«— Биз Кыргыз мамлекетин жакшы жагынан таанытып келебиз. Өлкөгө төбөсү көрүнгөн, эл кадырлаган инсандар Кыргызстандын атын булгап, элдин адебин бузуучу көрсөтүүлөрдү ойлоп табышкандыгы жана анын коноктору ага макулдугун берип, уят көрсөтүүгө тартылышкандыгы өтө өкүнтөөрлүк иш… Бул маселе кыргыз өлкөсү үчүн абдан уят!» — делет маалыматта.


Сиздин пикир