“Ушундай ападан көрө өлгөнү жакшы эле, апамды сотко берсем болобу?”

Айлабыз кетти. Мен эс тарткандан бери апам арак ичет. Үйдө тайнем, апам мен эле болуп жашайбыз. Атам экөө мен кичинекей кезимде эле ажырашып кетишкен. Менин жашым 20 да, турмушка чыкканмын. Апам соо убагында дагы үйгө эч кимди келтирбей чагып турат. Апа болуп мага бир дагы мээрим төккөн эмес, бир гана арак ичкенге жарайт. Мени тайнем чоңойтуп, тайнем окуткан. Азыр болсо тайнемдин башына катуу чоң чыны менен бир койду эле, тайнем ыйлап олтурат. Ушунча кордукту көрүп өлүп эле калгым келет. Карыганда тайнеме кыйын болду, өмүр бою азабын тартып өттү. Молдого алып барсак, качып кетет, дарылаталык десек болбойт. Бойдок кезимде менин дагы башымды жарып коюп, кан кетип ооруканада жаткам. Баш көтөрбөй ичет, бизге тынчтык бербейт. Апаң го дешиңер мүнкүн, бирок ушундай ападан көрө өлгөнү жакшы эле. Кайын журтум дагы айтат экен апасы алкаш деп. Ушул апамды сотко берсем болобу? Тажадык!


Сиздин пикир