УКМК төрагасы Ташиев кек алуу менен алек…

Азыркы кезде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев аябай эле көптү. Мамлекеттин, элдин мүдөөсүн көздөгөн иштерди жүргүзүүнүн ордуна, жалаң кек алуу менен алек.

Мына учурда ИИМ министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковго болгон ич күчтүүсүн анын иниси Улукбек Өмүрзаковду куугунтуктап, кылмыш ишин козгоп, камоо аркылуу ишке ашырууга жандалбастап жатат.
Себеби эң эле жөнөкөй. Бир кезде Ташиев Өмүрзаковдон жакшы токмок жеген экен. Ошол бозала болуп шагы сынган учурун эстеп, ичи өтүп кек алууга болгон күчүн жумшоодо.
Ошондой эле, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш ишин козгоп, түрмөгө отургузууну көздөп жатат. Бул жагдай дагы керт башынын кызыкчылыгына барып такалат.
Алсак, Ташиев 2015-жылы Жогорку Кеңештин шайлосунда «Өнүгүү прогресс» партиясынын Жалал-Абад облусундагы координаторун зөөкүрлүк кылып сабап салганда, сот процесси болуп дал ушул Калиева аны «Республика —Ата-Журт» партиясынын тизмесинен алып салган чечим чыгарган.
Мына ошол эски окуяны эстеп кек кууп жаткан кербези экен…

Oper.kg


Сиздин пикир