Турсунбай Бакир уулу: “Садырдын программасын ишке ашырууга жардамдашпасак да бут тоспойлу”

Президент Садыр Жапаровду колдоого алып баштаган экс-парламент депутаты Турсунбай Бакир уулу өз пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазып талкууга кабылды.
“Садыр Жапаров алты айдан кийин анын президенттик ишмердүүлүгүнүн алгачкы жыйынтыктары көрүнөт деп элди ишендирди. Келиңиздер, урматтуу мекендештер, эгерде биз анын шайлоо алдындагы программасын ишке ашырууга жардам бере албасак, анда биз эч болбосо кийлигишпейбиз”- деп жазган.
Бул пикирден кийин саясатчынын аброюна карата эки жүздүү, кошоматчы, пахтакор деген сөздөр жазыла баштаган. Ал өзунун илгертеден эле Жапаровду колдоп келгенин тастыкташ үчүн Бакир уулу Жапаровду бошотууну талап кылган архивдик видеотасманы кошо жарыялады.


Сиздин пикир