Тогуз жылдан кийин жанымда жаткан күйөөм “красавчик” экенин билдим

 

Кирпиктери узун. Көзү бакырайган. Каш капкара. Бул чын эле менин күйөөмбү?

“Сага эмне болду?” Күйөөм тартынып кетти окшойт, курткасын илип жатып мага ушинтти. Унчукпастан, бурчта жымыңдап карап тура бердим. “Болдучу”,-деп ваннага кирип кетти. Артынан барып дагы көз салдым. Кытыгылап кууп жиберди. Бул чын эле менин күйөөмбү?

Тамак куюп бердим. Өзүм болсо ичпей, дагы эл ага суктанып отура бердим. Күйөөм чыдай албай күлүп жиберди. Столдун үстүнүн баары шорпо болду. Акырын туруп тряпканы алдым. Сүртүп жатып дагы аны карадым. Уялып чыгып кетти. Бул чын эле менин күйөөмбү?

Экөөбүз жайкы практикадан таанышканбыз. Анда эмне, чөнтөгүндө бир тыйыны жок студенттик кезибиз. Балдар кыздарга суу чачып ойноп жатышкан. Ошол маалда көзүм бурчта чоң көз айнекчен жигитке түштү. Үстүндөгү кийими жупуну экен. Ошол маалда жаныма курсташ казым келип отуруп, “чоң атаны карап жатасыңбы”,-деди.

– Эмнеге чоң ата?

– Көз айнегин карабайсыңбы. Эскиргенинен кырлары саргайып кетиптир. Кийимдери болсо атасыныкы же чоң атасыныкы. Жаштар андай кийбейт. Бут кийиминин кара. Өңү өчүп калыптыр. Коңшу группада окуйт. Биз аны “чоң ата” деп коебуз. Колунан китеп менен газета түшпөйт.

– Билбейм. Жакшы эле жигит көрүнөт.

– Этият бол, сени “чоң апа” деп калбайлы.

Каткырып чуркап кетти. Ошол маалда “чоң ата” мени карап турганын байкадым. Кол булгаласам, унчукпай туруп кетип калды.

Бүгүн биринчи иш күнүм. Эгер өзүмдү жакшы көрсөтсөм мени жумушка кабыл алышат. Жетекчим кандай болду экен? “Таанышып алгыла, бул Амангелди, сени көзөмөлдөйт.” Көргөн көзүмө ишеген жокмун. Маңдайымда чоң көз  айнекчен “чоң ата” турат.

Кечээ көз айнегин сындырып алган. Эртең менен туруп окулистке кеткен. Ал линза жазып бериптир. Өзү деле көз айнектен тажаганын айтып жүргөн. Эми минтип линза тагынып келсе, бир башкача болуп калды. Чачын дагы алдырыптыр.

Отуруштарга барсак айымдар бир кылчайып карап калышчу. Мен аны байкаганым менен көңүлүмө деле алчу эмесмин. Көрсө, күйөөмө суктанып коюшчу туура. Элестеткиле, тогуз жыл чогуу жашагандан кийин жан дүйнөсү гана эмес, сырткы келбети дагы сулуу адамга турмушка чыкканымды билдим. Эскирген чоң көз айнектин артында сулуулугу каталып жүргөн экен.

Дагы эле күйөөмдү карап отурам. Компьютерин жаап мени кытылаганы келатат. Менин кытыгыдан гана коркорумду билет да. Качып жөнөдүм.

http://Bilesinbi.kg


Сиздин пикир