Тилек Токтогазиев 3992 кишини иштен алып салды

Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде бир жарым жыл мурун беш миңден ашык киши иштеген. Азыр 800дөн ашык адис кызматын аркалап жатат. Бул тууралуу министр Тилек Токтогазиев билдирди.

Министр Токтагазиев, оптимизация иш жүзүндө башталганын жакын арада да бир топ кадрдык өзгөрүүлөр болотурганын айтты.

«Мен жаңы келгенде бир топ жетекчилерди жылдыргам. Алардын ордуна башкалар келди. Азыр бизде жалпысынан 888 кызматкер бар. Борбордук аппаратта 81, топ адистер менен 97 киши иштейт. Биз функцианалдык анализдин аягына чыгып калдык. Жакында жаңы структураны сунуштайбыз»– деди министр.

Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, буга чейин мекемеде республика боюнча 4880 киши иштеген. Анын 4087си суу чарба жана мелиорация департаментине карайт. Башка түзүмдөрдө 533 киши иштесе, 41 райондогу агрардык башкармалыктарда 176 кызматкер болгон. Ал эми министрликтин борбордук аппаратында 84 киши эмгектенген. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча Айыл чарба министрлигинин быйылкы бюджети 1,7 миллиард сомду түзгөн.

 


Сиздин пикир