Текебаев Садыр Жапаровго бир ай убакыт берди

Инагурацияга чейин Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын тапшырыш керек. Мындай пикирин Өмүрбек Текебаев 24.kg сайтына билдирген.

Анын баамында жаңы шайланган президенттин инагурациясы БШК шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялагандан кийин, бир ай аралыгында өтүшү кажет.

«Учурдагы баш мыйзамга ылайык, президент премьер-министрдин функциясын бир дагы мүнөт аткара албайт. Андыктан президенттикке жаңы шайланган Садыр Жапаров аткаруу бийлигинин башынан кетиши керек. Бул аралыкта Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция жаңы өкмөт башчыны жана анын курамын дайындайт.»-деди Текебаев.

Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Рысалиев журналисттерге Садыр Жапаров инагурациядан кийин өкмөт башчынын милдетин өткөрүп берээрин билдирген.


Сиздин пикир