Кечээ соц тармакта депутат Тазабек Икрамовдун ырдаган видеосу катуу талкууга алынды.Анда ал ырдап жаткан кезде, тойдогу коноктордун чыгып, кыстырма да берип жатканын көрүүгө болот. Видео тууралуу депутат -“Ооба, кечээ досум уулун үйлөдү.Жакшы тилегимди айтып,ыр десте катары чыгып ырдадым. Мен ырга жакын адаммын. Музыка бул жан дүйнө азыгы да. Ырга жакын адамдын пейили да тазарат”, – деп жооп берди