Тажикстанда жашаган кыргыздарды бийлик кыргызга каршы тукуруудабы?

Тажикстандагы жашаган кыргыздар тажик бийлиги тарабынан катуу кысымга кабылып жатат. Бул тууралуу Мургаб районунда жакын туугандары бар этникалык кыргыздар социалдык баракчаларга жазып чыгышты.

“Саламатсыздарбы. Менин бир кайрылуум бар. Мен Тажикистандын Мургаб районунан болом улутум кыргыз. Кыргызстанга келип жарандык алып жашаганыма 6-7 жыл болуп калды.
Акыркы болгон окуяларга байланыштуу Мургаб районунан жаңылык уктум. Угушумча райондо жашаган кыргыздарды алардын арасынан студенттерди, мамлекеттик кызматкерлерди  жана ак сакалдарды өкмөт тарабынан чогулушка чакырып калпакчан келгиле деп талап кылышууда. Кимде ким келбей калган болсо окуусунан же жумушунан бошотула турганын баса белгилешкен. Аларга атайын документтерге кол койдуруп митингге чыгарыптыр. Митингде Ворух биздики Тажикистан алга деп айтасынар деп кыйнап айттыртып жатыптыр. Муну менен тажиктер Тажикистандагы кырыгыздарды Кыргызстанга каршы кылып көрсөтүүдө.
Сураныч таратып коюнуз эл көрүп түшүнсүн. Кыргызстанда жүргөн Тажикстандык кыргыздарга абал оор болууда. Тажикстандык кыргыздар дайыма кыргыз тарапта!” – деген ал өзүнүн билдирүүсүндө.


Сиздин пикир