Сүрөт-Дагы бир чиновниктен 20 батир, 3 хансарай аныкталды

Транспорт министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директоруна карата мыйзамсыз баюу боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, И.Ш.М. мамлекеттик кызматта иштеген мезгилинде кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө, көп сандаган бодо малга ээ болгон. Жалпы чыгым расмий кирешеден ашат.

Шектүү бардык мүлктөрдү расмий кирешеси жок туугандарынын жана атына каттаган. Алар Бишкектин борбордук бөлүгүндө үч особнякты жана бизнес класстагы автоунааларды, дагы бир сарайды жана 20дан ашык батирлерди алышкан. Чиновник жана анын туугандары чет өлкөлөрдөгү пансионаттарга көп барышкан.


Сиздин пикир