Сүрөт-Самара Каримова 1 эмес 3 диплому бар экенин көрсөттү

Самара Каримова 1 эмес 3 диплому бар экенин көрсөттү. Ал ОшМУну юриспруденция боюнча да бүтүргөн. Ошондой эле Кыргыз Эл Жазуучусу Султан Раевди Кыргыз Эл Акыны деп жазды.

Туулган жылы: 10.04.1991
Туулган жери: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ, БАТКЕН ОБЛУСУ , Өзгөрүш айылы.
Үй-бүлөсү: жолдошу Мансуров Асан , 2уул, 1 кыздын апасы.

ИШ ТАЖРЫЙБАСЫ:
2011- жылдан а.ч – С. ИБРАИМОВ АТЫНДАГЫ ОШ УЛУТТУК ДРАМА ТЕАТРЫНЫН АКТРИСАСЫ
2013-2017- жылга чейин- Ош облустук Элдик чыгармачылык борборунун директорунун орун басары (жетектөөчү адис)
2016-жылдан -а.ч – ” САМАРА ” театрлашкан топтун жетекчиси.
2017-жылдан 2020-жылга чейин Ош шаардык Маданият башкармалыгынын солисти.
Р.Абдыкадыров клубунун мүчөсү
2015-ж Ж.Шералиев фондунун Түштүк боюнча координатору.
Кыргызстан Театр-ишмерлер союзунун мүчөсү

ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ:
2012-жылдан а.ч Кыргызстандын 7 дубанында, чоң шаарларда, Бишкек,
Ош шаарында бир нече жолу жеке концерттерди ийгиликтүү ,аншлаг менен берген.
2014-жыл ” Күзгү Романс” спектаклинде башкы ролду ойногон, ошол эле жылы Казакстан Республикасына автордун чакыруусу менен Алматыда чоң театрда аншлаг, Казак көрөрмандардын өзгөчө колдоосу менен өткөн. (Автор: А. Серик, р: А.Эркинбаева)
2018-жылы ” Илег-Илек” спектаклинде башкы ролду ойноп Ош, Жалал-Абад, Баткен областында бир канча күн ,Бишкек шаарында 3күн аншлаг менен өткөргөн. (Автор, режиссёр: КР Эл жазуучусу С. Раев)
2018-жылы – 23 сериялуу ” Акшоола ” телесериалында башкы каарманды ийгиликтүү ойногон.
(Автор : Ж.Исабаева, р: Ы.Окенова)
2019- жылы ” Сен экөөбүз ” фильминде башкы каарман. ( Автор: Ж.Кулманбетов)
2019-жылы Россия Федерациясынын мамлекеттик Кремль сарайынын чоң залында
“От сердца Азии к Миру ” аталышындагы жеке концертин ийгиликтүү, аншлаг менен өткөргөн.
2019- жылы Өзбекстан Республикасынын, Ташкент шаарында, Мукими музыкалык-драма театрында ” Маданият-достукка чакырат ” аталышындагы жеке концертин ийгиликтүү өткөрөт.
2019-жылы Өзбекстандын Манас Кыргыз шаарчасында 5000ден ашык көрүүчүлөргө жеке концертин ийгиликтүү берет .
2021- жылы Өзбек фильмдин чакыруусу менен 120 сериялуу “ Кодирхон” сериялында образ жаратууда.

Россия , Кытай, Турция, Таджикистан, Өзбекстан, Казакстан ж. б. мамлекеттеринде Фестивалдардын лауреаты .

СЫЙЛЫКТАРЫ : Таттыбүбү Турсунбаева атындагы Эл аралык сыйлыктын ээси,
Ж.Шералиевдин 100 жылдыгына арналган Республикалык конкурсунун баш байгенин ээси.
Ош шаардык Мэриясынын жана Кыргыз Республикасын Ош облусунун ыйгарымдуу өкүлчүлүктүн Ардак грамоталары менен сыйланган.
Кыргыз Республикасын Маданият, Маалымат жана Туризм министрлигинин Ардак грамотасынын ээси.
Кыргыз Республикасын Маданиятынын мыкты кызматкери.
Телерадиокомпаниялардын,гезит-журналдардын жыл жыйынтыгы боюнча 100дөн ашуун ” Жылдын мыкты ырчысы” , ” Жылдын ыры” , ” Сахна жылдызы”, ” Сахна ажары ” , ” Жылдын алтын үнү ” , ” Жыл адамы” ж. б. сыйлыктарынын ээси ( 2012-2020)
Кыргызстан Аялдар Конгрессинин ” Мыкты Айым” медалынын лауреаты.
Лейлек районунун ” Ардактуу атуулу ”

Кытай Эл Республикасынын 70 жылдыгын майрамдоого жана Кыргызстан менен Кытай элинин ортосундагы достукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ” Кыргызстандын Алтын үнү ” Ардак грамотасынын ээси.
Кыргыз-Кытай мамилелеринин бекемделишине кошкон салымы үчүн диплом менен сыйланган.
Өзбек-Кыргыз достугуна кошкон салымы үчүн, Өзбекстандагы мамлекеттик ” Саодат” аялдар журналынын Ардак грамотасынын ээси.
Кыргыз -Түрк достугуна кошкон салымы үчүн , Турциянын Анкара шаарында “ Рамазан” фестивалында Статуэтка менен сыйланган.
Кремль сарайындагы ийгиликтүү концерт үчүн жана Орус-Кыргыз достугуна кошкон салымы үчүн,
Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Ыраазычылык катынын ээси.
Кыргыз Республикасын Президентинин сааты менен сыйланган.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН АРТИСТИ.

БИЛИМИ: 1998-2009-ж Баткен облусунун, Лейлек районунун Айкөл айылында Н. БАТЫРТОВ атындагы орто мектебин аяктаган
2009-2011- Кыргыз-Түрк Манас университетинин, Консерваториясында Актёрдук бөлүмүндө окуган (2 курс)
2012-2017- ж Ош Экономикалык институтунун
“Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит ” адистиги боюнча ,
“Бухгалтер- Экономист “.
2017-2020-ж Ош Мамлекеттик Юридикалык институтунун
” Юриспруденция” багыты боюнча,” Юрист ”
2019-жылдан а.ч – Жалал-Абад Маданият Техникумунун ” Режиссура” адистиги боюнча билим алууда. ( быйыл диплом алам)
( Мактанган жокмун урматтуу замандаштарым, билип – билбей сүйлөгөн сөздөр үчүн чыгардым. Сурагандар үчүн. Баарыбызды Кудайым колдосун)


Сиздин пикир