Сүрөт-Анжелика “Вефа” борборунун жетекчиси Марат Назарбековго турмушка чыкты

Анжелика нике шакек тагынган сүрөтүн инстаграм баракчасына жүктөп кайрадан бирөө менен баш байлап жатканын тымызын жарыялады. Тез эле бул кабар интернет желесине тарап бир катталуучу ырчы айымды Вефа борборунун жетекчиси Марат Назарбеков менен Дубайдан көргөнүн жазып чын эле экөө коомчулуктан жашырынып үйлөнүп жатканын жазып чыкты.
Эске салсак буга чейин да Марат Назарбеков менен жакын мамиледе экени тараган. Көп өтпөй Марат мырза жубайы менен эки башка жолго түшүп, Анжелика аялы тынчтык бербейт деген шылтоо менен суракка чейин чакырылып келген. Жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт демекчи бул ушактын чын бышыгы жакында ачыкка чыгат деген ойдобуз

 


Сиздин пикир