Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Финпол) жетекчиси Сыймык Жапыкеев ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу ал өзү Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Айтымында, кант диабети күчөп кетип, жеке клиникалардын бирине жаткырылган.