Сулайман Рысбаев: “Сыйлыкты тапшырып салам дегендер – көп жылы саргарып эмгек кылбай алгандар”

Мындай пикирин  профессор, белгилүү  жазуучусу Сулайман Рысбаевге жергиликтүү басылмалрдын бирине билдирди

– Азыр сыйлыгын тапшырып салам деп кыйын болуп өзүн көрсөтүп жаткандар – алган сыйлыгына такыксыз аламдар өздөрү. Алар сыйлыкты көп жылы саргарып эмгек кылбай алгандар. Сыйлык аларлык сыймыктуу иш кылбагандар. Элине эмгеги сиңип сыйлык алгандар антпейт. Мисалы, Курал Чокоев сыяктуу жасалма мега жылдыздар бизде көп. Ырдаган ырынын тарбиялык маңызы жок. Чатырда уктап жатканда,… же Арыктан суу ичебиз….деп ырдаган ырынын, кыйшактаган кыймылынын эмне кереги бар? Кыргызды бузуп жаткан ошол Курал сыяктуу ырчылар.  Маданият министрлиги туура кылат. Бирок ал министрлик өзү ушунун баарын ушул күнгө чейин сыйлыктарды  туура эмес берип жатып баркын кетирди. Буга чейин ойлонсо болмок. Эки ооз ыр билгендин баарына “Маданияттын мыктысын” берип жатып, баарын тайраңдатты. Эми ошого өкүнүп жатат. Менин оюма койсо, мамлекет адамдарга 50 жашка чейин сыйлык берүүнү токтотуу тууралуу Мыйзам чыгарса жакшы болмок. Мен ушундай сунушту Президентке, Жогорку Кенешке , Өкмөткө сунуш кылат элем. Муну жалпы эл колдойт эле деп ойлойм. 


Сиздин пикир