СССРдин Эл артисти Токтоналы Сейталиев дүйнө салды

Көрүнүктүү опера ырчысы, СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Токтоналы Сейталиев 84 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматында, Токтоналы Сейталиевдин 50 жылдык чыгармачыл иш-аракетинин жүрүшүндө, улуттук операда ар кыл жана жогорку чеберчиликтеги образдардын бүтүндөй галереясы орун алган.
«Токтоналы Сейталиев опера спектаклдеринде бардык алдыңкы тенордук партияларды аткарган, орус, совет жана кыргыз композиторлору. Көп жылдык чыгармачыл ишмердүүлүгүндө профессор көптөгөн ардактуу жана илимий наамдарга, мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктарга, ошондой эле өкмөттүк сыйлыктарга ээ болгон », – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Аргумент.kg маалымат агенттиги Токтоналы Сейталиевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

ARGUMENT.KG


Сиздин пикир