Самара Каримова милицияга арыз жазып, Оштогу мугалимдер суракка чакыртылды

Ырчы Самара Каримованын арызынын негизинде Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын мугалимдери Ош шаардык милициясына суракка чакыртылды. Бул тууралуу Турмуш.кж билдирди

Ал эми Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков Самара Каримова тарабынан арыз жазылганын билдирди. Арыз Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 167-беренесинин (сот чечимин аткарбоо) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

 


Сиздин пикир