Социалдык тармактын колдонуучулары Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Ысык-Көл эли менен жолугушуу учурунда бата берген ак сакалдарды талкуулап жатышат. Сүрөттө көрүнгөндөй, сакал чаптап, майрамга жасангандай жасанган ак сакалдар К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театрынын артисттери болгондугу божомолдонууда.
Сүрөт Каракол шаарындагы ат майданында өткөн жолугушууда тартылганы айтылууда. Социалдык тармактардын колдонуучулары “Ысык-Көлдүн жети акесин туурап жатышкан өңдүү”, “чапандарды кийип аябай майрамга даярдангандай даярданышкан экен”,”бул уюштуруучулардын ашкере кошоматчылыгынын белгиси болуптур, “Жасалма сакалчан ак сакалдардын батасы тиеби”” деген өңдүү комментарийлерди жазып жатышат.
Фабула