Садыр Жапаров президент катары эң биринчи сапарын Казакстандан баштайт

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду Кыргызстандагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу “Казинформ” Казакстан Республикасынын Президентинин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди. Телефон аркылуу сүйлөшүүдө Токаев Жапаровду Казакстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

“Кыргыз лидери чакырууну кабыл алып, президент катары биринчи сапарын Казакстанга жасай тургандыгын белгиледи”, – деп жазат Акорда.

Жапаров өз кезегинде Токаевди парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүү менен куттуктады.


Сиздин пикир