Садыр Жапаров: «Курманбек Бакиев мени өзү чакырган»

Садыр Жапаров Россиянын «Коммерсант» басылмасына берген маегинде Курманбек Бакиев менен болгон мамилесин ачыктады. Анда Бакиев президент кезинде Озү чакырып иштешүүгө сунуш кылганын айткан.

«Бакиев мени өзү чакырган. Мен анын заказдарын аткарбай, мыйзам чегинде иштегем. Ал алгачкы эки жылында жакшы иштеген. Акаев кеткенден кийин биздин бюджет 25 млрд. сом болчу. Бакиев 2007-жылга чейин аны үч эсеге чейин көтөргөн. Кийин ал мамлекетти башкаруунубаласына берип койгон. Иниси Жаныш Бакиев процесстерди көзөмөлдөп турган. Андыктан мен буга чейинки бийликтердин катачылыктарын кайталабаймын», — деген маегинин аягында.

Кандай болгон күндө да өткөн иш өттү болгону тарыхтан сабак алуусу гана абзел демекчибиз.


Сиздин пикир