Рыскелди Момбеков: “Депутаттардын айлыгын 5 миң сомго түшүрүү бул шылдың

Бул тууралуу депутат “коом. press” сайтына билдирди:
«Мындай мыйзам жөн гана шылдың. Айлыктарды 5 миңге түшүрүп койсо депутат кантип иштейт. Азыр ишкерлер менен бандиттерде гана бар акча. Анда парламентке жалаң акчалуулар келиши керек болуп калат. Айрым депутаттарга 5 миң доллар айлык эмес. Кээ бир Эл өкүлдөрүнүн кошумча каражат тапчу булагы такыр жок. Эми элестет, депутаттын айлыгы жардамчыдан, шоопуруңдан аз болсо. Депутаттык кызмат бул жогорку саясый кызмат. Демек азыркы алып жаткан айлыктарына татыктуу эле деп эсептейм. Бир эле президенттик аппарат бир жылда 1,5 миллиард керектейт. Ал эми парламен 750 миң сом коротоорун журналисттер айтып эле жүрүшөт.
Кыскарттууну ошол жактан башташ керек»-деди депутат

Сиздин пикир