Конок болгон ууру түн жарымында уурулук кылган

Таанышыныкына конокко барып түн жарымында аны тоноп кеткен. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, чала таанышы аял Абдраев көчөсүндө жайгашкан үйдүн жашоочусунукуна конокко барган. Алар бир топко чейин отурушуп андан кийин укташкан. Үй ээси башка бөлмөдө уктап жаткан кезде конок аял 65000 сом жана 4000 сомдук кышкы куртканы уурдан чыгып кеткен.

Жабырлануучу эртеси күнү милицияга кайрылып, бул факт боюнча кылмыш иши катталган. Көп өтпөй Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашты. Ал 1972-жылы туулган Ж.З. болуп чыкты. Иликтөө иштеринин алкагында аял 1 айлык мөөнөткө СИЗО-1ге жайгаштырылды.


Сиздин пикир