Окуучулар онлайн окууга өтпөйт

Бишкек шаарынын эпидемияга каршы комиссиясы бардык мектеп окуучулары менен бала бакчалардын тарбиячыларын онлайн билим берүүгө өткөрүү боюнча мурунку чечимин жарым-жартылай кайра карады.  Мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалитеттин билим берүү бөлүмүнүн башчысы Элмира Иманалиеванын айтымында, 8-апрелден 14-апрелге чейин участкалык шайлоо комиссиялары жайгашкан бала бакчаларды жабуу чечими кабыл алынган.

«12 жана 13-апрелде алар тазаланып, дезинфекцияланат. Бул УШКлар жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарына да тиешелүү. Мектептер эки күн бою онлайн режиминде болот. Бул чуруда мектептин ичи жуулуп тазаланат », – деп билдирди.


Сиздин пикир