Нариман Түлеев: “Кайрадан шайлоо болсо, мен катышам”

“Ак Бата” партиясынын лидери, Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев НДПК партиясынын шайлоодон четтетилиши боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазган.
Түлеевдин баамында, НДПК партиясы шайлоодон четтетилсе, “Эмгек” партиясы да четтетилиши керек.
“НДПК партиясынын шайлоодон четтетилгенине таң калып отурам. Эгер НДПК четтетилсе “Эмгек” да четтетилиши керек. Анткени ал партия да шайлоо мыйзамдарын бузган. Эгер кайрадан шайлоо өткөрүү дайындалса, “Ак Бата” партиясы бардык мыйзамдардын чегинде шайлоого катышууга даяр”,- деп билдирүү калтырган Түлеев.

Сиздин пикир