Назира Айтбекова: “Эркектер аялды зордобой, көңүлүн тапсаңар болот!”

Бул тууралуу алып баруучу Назира Айтбекова жеке фейсбук баракчасы аркылуу билдирди:

“Кандай гана кыз болбосун көңүлүн тапса болот, мырзалар! Жылуу сүйлөп, жакшы сөз айтсаң эле жибийт кыз! Комплекстериңерден арылгыла! Коркпогула! Сезимди билдирген уят эмес. Өзүңөрдүн үстүңөрдөн иштегиле! Билим алгыла, китеп окугула. Психологдорго баргыла. Сүйүү бул ала качуу же кызгануу , уруп – согуу эмес! Сүйүү бул аяр мамиле жасоо! “Келесоосуң! Карачы, Түкүнчөнүн баласын !” деп кагып – силкип, сүйүү бербей, “Эч ким эмес” деген комплексти киргизип өстүргөн балдарыңар эртең бирөөнүн баласын тебелейт! Ала качат! Уруп – согот! Зордуктайт! Балдарыңарды сүйгүлө! Сүйүүгө үйрөткүлө, ата – энелер! Аларды тарбиялаардан мурун өзүңөрдү кошо тарбиялагыла!”-деп жазды ал.


Сиздин пикир