Назира Айтбекова: “Кыз төрөгүм келип, аппетит ачылып жатат”

Белгилүү алып баруучу, актриса Назира Айтбекова баласы менен апасын санаторийге эс алганы жибергенин айтат:

“Былтыр апам менен уулумду Түркияда эс алдыргам. Быйыл карантинге байланыштуу төртөөнү (апам, таежем, уулум, бөлөм) санаторийге жөнөттүм. Саноторийде бир тууган бөлөм иштейт. Ал зыкылдатып карап , тамчылатмасын сайып берип, баарын көзөмөлдөп атат. “Кыз деген жакшы болот турбайбы! “ – дешкен сайын кыз төрөгүм келип…аппетит ачылат десең! Алар жыргаган сайын мен жыргап атам. Башым аман болсо, дүйнөнү кыдыртсам. Жакындарымдын бактысы, күлкүсү мени ушунча бактылуу кылат! Жакшы эс алып , ден соолугун чыңдап келишсин!”


Сиздин пикир