Назира Айтбекова: «Жалаяктай кылып, жар сала берип, элден тепки жейбиз , сын угабыз!»

Инстаграмм баракчамдагы катталуучуларымды кармайм же элдин көңүл чордонунда болуга аракет кылган айымдарды кырсык каптап жатканы көпчүлүкту чочутту. өзгөчө ырчы Анжеликанын жол кырсыгы элдин көзү сөзү өтуп кетти делген сөздөр менен коштолду. Бул окуядан кийин блогер Назира Айтбекова да элдин назарына калган деген создөрго өзунүн пикирин калтырды.

«Баламды, жашоомду , сүйгөнүмдү, “Эрге тийгени жатам”, “Ушу тийейин деп калдым”, “Тийдим”, “Тийип бүттүм “ деп чыгаргым келбей калды! Кооптуу экен бул нерселер. Аялуу, аяр дүйнөбүз көз, сөздөн алыс болсунчу? Жалаяктай кылып, жар сала берип, элден тепки жейбиз , сын угабыз! Анан эле “Эл эмнеге жашоомо кийлигише берет”, “Эл эмнеге менин жашоом менен жашайт?” дейбиз! Өзүбүз чек койгонду, уруксат бербегенди билбейбиз анткени! Эл билчү нерсени гана билиш керек экен! Акыл кирейин деп калыптырбы , ыя? Жашоодон каталарды кетирип отуруп анан көп нерсе үйрөнөт турбайбызбы!»-деп жазган.

Сиздин пикир