Муфтияттын дагы бир кызматкери жер сатып шугулданган

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупционерлерге каршы чабуулун баштаганы мамлекеттин казынасынан мите курттай ичип-жеген атка минерлер четинен чыга баштады. Элдин оозу элек демекчи ким кайсы тармактан жашыруун акча жасап сол чөнтөккө солоп жүргөнү тууралуу фейсбук тармактарына жазып кайырмак ыргытып коюшууда. Ошондой каттардын бири Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын ажыга баруу борборунун президентти Абдымамат Эрматов тууралуу жазылган. Анда:
“Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын ажыга баруу борборунун президенти Эрматов Абдымамат. Президент болуп ар бир ажыга баргандардан % акчалай алат. Бул эле эмес ай сайын муфтияттан айлык да алат. Негизгиси мечитке деле келбейт. Өзү Аламүдүн районунда жер бөлүштүрүүнүн (мам. каттоо) башчысы. Көптөгөн жер тилке, кыймылсыз мүлктөр, менчик үйлөр, автолорго ээлик кылат. Банктарда ар кандай жүк, ОсОО лор жана банктык эсептери бар. Сокулуктун мам. каттоодон эсепсиз жерлерди саткан. Дарегин жазбайбыз себеби, муфтият бизди каралап же куугунтукка алуусу ыктымал.”-деп жазган. Ал эми бул каттын чын бышыгын УКМК териштирип коомго ачыктайт деген ишенимдебиз.

ARGUMENT.KG


Сиздин пикир