Мончодо зордукталган видео Алтайда болгон эмес.

Алтай аймагында жашы жете элек эки баланы зордуктоо иши жана кыргыз сегментиндеги мессенджерлер жана социалдык тармактар аркылуу таркатылган зомбулуктун видеосу бири-бирине байланыштуу эмес. Бул тууралуу Россиянын Тергөө комитетинин Алтай аймагы боюнча Тергөө башкармалыгынын башчысынын улук жардамчысы Людмила Рязанцева билдирди. Анын айтымында, жашы жете электерге карата зомбулук үчүн соттолгон адамдын улуту орус.
“Бул иште фото же видео материалдар жок. Аны видеого тарткан үчүнчү жактар болгон эмес. Эгер видео бир жерде пайда болсо, анда биз тиешеси барларды таап, аларды жазалайт элек. Окуя алыскы айылда болгон деп айтсак болот. Соттолгон адам мас абалда болгон жана ал сынап көрүүнү чечкен, атайылап аракет болгон эмес. Силердин социалдык тармактарда жайылтылып жаткан нерсе биздин кылмыш ишибизге тиешеси жок “, – деди Людмила Рязанцева.


Сиздин пикир