Маркум Үсөн Ниязбековдун апасы Равшан Жээнбековду сотко берди

Мындай пикирин Кой-Таш окуясында кайтыш болгон маркум Y.Ниязбековдун энеси Өктөм Мамаева “коом press”
сайтына өзү билдирди.
“Равшан Жээнбеков деген акмак, ушул кантип Президенттике талапкерлигин койду уялбай. Преиденттике талапкердин деңгээли ушул болсо, анда болбой эле калыптырбыз. Сотто мага акаарат кылып, сенсиреп,” СЕНИН БАЛАҢ КИШИ ӨЛТҮРГҮЧ!”-деп кыйкырып мени шылдыңдап, мазактап, сөгүп сөздөдү.
Равшан Жээнбеков далилдеп берсин менин баламдын киши өлтүргүч экендигин. Мен Равшан Жээнбековду расмий
түрдө башкы прокуратурага арыз беремин. Далилдей алайбы жооп берсин.
Баласын жоготкон мен болсом, баламды атып өлтүргөн, баш аламандык уюштурган Равшан Жээнбековдор болсо, кайра мага акаарат кылып, менин балама жалаа жапканга кандай мыйзам бар”-дейт ал.

Сиздин пикир