Манас Осмон: “Кагаз жүзүндөгү эгемендүүлүгүбүз күн сайын тытылып баратат!”

Президенттин Орусия сапары бизге реалдуу талкуу мүмкүнчүлүгүн бербейт. Ансыз деле туңгуюкта турган биз үчүн “көмүскө кожоюнга” барып, таанышып, алдынан өтүп келгендей иш болду. Биздей итке минген кедей өлкөнүн лидеринин дарамети канчалык, маселен? Кыргызстан – төрт тарабы тосулган, өз ара саясат жүргүзүү жана өлкөлөр арасы мамиле түзүү укугунан ажыратылган. Муну менен мурунку ажолор Москвага болгон садакатын ушинтип далилдешти. Анан, Садыр Жапаров эмне кылсын? Державалар биздей элдерди ачкачылык, кымбатчылык же, саясий кризис менен башкарышат. Кыйналган жана каржалган элге бир каарман керек. Биз үчүн 30 жылдан бери ошол каарман Орусия! Көрүп атасыңар, коомдо орус саясатын жүргүзгөн, орус улутуна жан тарткан, Бишкекти, андан калса элди сөккөн муун жашап атат. 100 жылдан берки денебизге сиңген вирус бул – ойлонуу жана өндүрүү акыбыздын жок болушу. Биздин ордубузга орустар ойлонот. Маселе, экономика, нан, суу же, шекер эмес. Маселе, кагаз жүзүндөгү эгемендүүлүгүбүз күн сайын тытылып баратат!

Манас Осмон

ARGUMENT.KG

 

 


Сиздин пикир