Манас Осмон: “Журналист Али Токтакунов да суралышы керек”

Раим Матраимовдун камылышынан кийин да коомдо бир топ талаш тартыштар токтоло элек. Ар түрдүү пикирлер да жаралууда. Эки тарапка тең тартпаган калыс пикирлердин бири белгилүү журналист Манас Осмон да өзүнүн калыс пикирин бөлүштү.

“Раим Матраимовдун камакка алынганы өзүнчө кеп. Атамбаевчил чөйрөнүн ызылдактары чуулдап атып, каматып жаткандай туюлуп калды. Бул иш тыкыр тергелип, “Азаттык” радиосу менен журналист Али Токтакунов да, суралышы керек. Анткени, ар адамдын өз чындыгы бар. Коомго түшүнүксүз болгону: “2010 – жылдан бери бажы тармагында туура эмес иштер болуп аткан болсо, алгач, ага көз жумган, жол бергендер эмнеге жооп беришпейт?”
Айрым достор ушул иштен пайдаланып ЖК депутаты Марлен Маматалиевди каралаганга өтүштү. Ал жигит мамлекетти уурдабаган, бирөөлөрдүн акысын жебеген, билимдүү, жаш саясатчы. “Мекеним Кыргызстан” партиясына ал муктаж болгон эмес. Сунуш партия жактан болгон. Андыктан, М. Маматалиевдин жөнү бөлөк.
Раим Матраимовдун партиясына мүчө болгондордун көпчүлүгү “пашти што” кызматта отурушат. Ар кимди күнөөлөй берсек биз айыптабаган адам калбайт окшойт. Ойлонуп көргүлө!
(Алканованы тааныбайм, Мекеним Кыргызстан менен мамилем жок)”-деп жазат өзүнүн фейсбуктагы баракчасына.


Сиздин пикир