Мамлекеттик батирди ижарага берип өз чөнтөгүнө иштеген жетекчи кармалды

Баткен облусунда прокуратура тарабынан мамлекеттик мүлктү жеке жактарга мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, прокурордук текшерүүнүн натыйжасында Кадамжай шаарында мамлекеттик менчикте турган 30 жана 10 сотых аянттагы 30 батир жана эки жер тилкесин мамлекеттик муниципалдык мүлктү жеке жактарга ижарага берип белген фактысы катталды. Алар  “Кадамжай-Коммунальшик” ААК ишканасы жана “Кадастр” мамлекеттик мекемелеринин жооптуу адамдары болгон.

“Ошентип, жогоруда аталган мамлекеттик ишканалардын кызмат адамдары мыйзамдын талаптарын бузуп, ушул кыймылсыз мүлк объектилерин ээликтен ажыратуу максатында мыйзамсыз бүтүмдөрдү түзүшкөн” деп айтылат билдирүүдө.

Объекттерди мамлекеттин менчигине кайтаруу үчүн Кадамжай районунун прокуратурасы тарабынан Баткен облусунун Административдик сотуна жана Кадамжай райондук сотуна доо арыздар келтирилген.

Мындан тышкары, тиешеси бар кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү максатында Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча сотко чейинки процесстер башталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак:argument.kg


Сиздин пикир