Максим Бакиев Кыргызстанга келдиби?

Мен жөнүндө тарап жаткан ушактарды көрүп жакамды кармадым. Бул тууралуу президенттикке талапкер Садыр Жапаров бүгүн, 6-январда Кара-Суу айылынын эли менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ал көпчүлүктүн аны Бакиевдер менен байланыштырып жатканына жооп берди.

«Мени Бакиевчи, Максим Бакиев Кыргызстанга келип кетти деген маалыматтарды таратып жатышат. Аэропортто самолёт конгондон баштап, адамдардын кирип кайра чыгып жатканынын баары камерага жазылат. Максим Бакиев келген жок. Жалган маалыматтарга ишенбегиле», – деди Жапаров.


Сиздин пикир