Күйөөм менен ажырашып ошол балага турмушка чыксам өкүнбөймүнбү?

Саламатсыздарбы. Менин да бир кеңеш алчуу суроом бар, сураныч кеп-кеңешиниздер мен үчүн маанилүү. Мен 25жашымда турмушка чыкканмын, турмуш курганыма 5 жыл болду бирок, балалуу боло албадык. Жолдошум тукумсуз экен. Барчу жердин баарына барып көрдүк. Кайын энем бала багып алгыла деп кеңеш берип жатат, бирок мен өзүм төрөп, эмизип эне болуу сезимдерин сезгим келет. Жакында бир жигит менен кокустан таанышып, көңүлүмө жагып калды. Ал ажырашкан эки баласы бар экен. Азыркы күйөөмдөн ажырашып, ошол балага турмушка чыксам өкунбөймүнбү деген суроо ойлонтуп жатат. Ушундай жашоо башынан өткөндөрдөн кеңеш сурайм.
 

Сиздин пикир