Күйөөм аялга тойбос болду…

Менде мындай көйгөй болуп жатат. Мен жолдошуман 12 жашка кичүүмүн. Жолдошум 44 жашта, өзүм 32демин. Төрт балабыз бар. Өзү мурда эки жолу аял алган экен. Алардан бир-бирден эки баласы бар. Биринчи аялынын уулу биз менен жашайт. Алар менен ажырашкан. Эми дагы бир аял алам деп оолугуп жатат. Аябай жаман болуп жатам. Алам деген аялдын эки кызы бар экен. “Кетем” десем, “кете бер, мен ошол аялга үйлөнөм” дейт. Бирок сабырым бүттү, кетип калсамбы?  Мен жашмын, тыңмын дагы эмне керек деп жиним келет. Ал аялдын айынан үйүбүздүн куту качты. Күйөөм аялга тойбос болду…


Сиздин пикир