Күйөөмдөн аябай жийиркенип жатам.Эмне кылсам?

Мен күйөөмдү көргөнү көзүм жок болуп баратат. Кылыктары абдан жаман болуп баратат. Же мурда байкабагангабы. Көчөдөн, жумушунан үйгө киргенде колун жуубай эле, чечинип жатып алат.  Күндө айта берип нерв болуп колум калтырай турган болуп калды. Жылуу суу даярдап берсем да, эптемей жууп кирип кетет. Карантин учурда да колун жуубай маска такпай эле үйгө кирип чай иччү. Жолдошумду көрсөм ургум келип, бетин тытып салгым келип жатат ушул жылдары абдан ушундай болуп калдым. Же эсинде калбайт, же жуубайт. Балит болуп баратат. Тишин 10 кундо бир жууйт, бир жуунган чачыгын 3 4 ай кайра кайра аарчынат. Айттым жетпейт экен. Күндө айтып да жазып да берип башым ооруй турган болуп калды. Үйгө продукты алып келгени болбосо, балит болуп кетти. Анын жанында жийиркенип жатып өзүм грипп болуп калам кайра.Акыры карабай койдум, жанына да жолобой койдум. Байкаштырсам, ич кийимин 2 ай кийип жүрүптүр,. Бир нерсе десен мен таза кийем кирдебеди дейт. Мен 2 ай арасында 50 жолу алмаштырам го. Аны көрүп кычышып аллергия басып баратат. Эмне кылсам. Азыр 3 ай болду жатпай койдум. Эч жакпай баратат. Кантип түшүндүрсөм?…….


Сиздин пикир