Кыяс Молдокасымов: “Уу коргошунду кыргыздар ар дайым колдонуп келген”

Мындай пикирин Кыяс Молдокасымов жеке фейсбук баракчасы аркылуу билдирди:

Уу коргошунду кыргыздар ар дайым колдонуп келген. Баатырлары менен балбандарга жаш кезинен уу коргошун берип денесин ууга көндүргөн учурлар да болгон. Балбай баатырга энеси уу коргошун берип көндүргөнү эл оозунда айтылып келет. Ар кандай ооруларга колдонулган.
Ковидке уу коргошун дабаа экенин өз башынан өткөргөн Президент айтып чыгып, айрым медмекемелер колдоно баштаганы уу-дуу талкууну жаратты. Балким чын эле жардам берээр, эми аны мезгил көргөзөт.
Ошол эле учурда уу коргошунду колдонууда өтө этият болууга чакыраар элем. Туура эмес, эрежесин сактабай ичүү адамдын ууланышына, өлүмүнө себепчи болот. Ал гана эмес уу коргошун кайнатылган идишти өзүнчө коюп, аны колдонгон да болбойт. Колдонсо ажалга түртөт.
Элдик табып Дүйшөнбек Чомо уулу бир тууган эжем рак илдетинен чалдыкканда үйгө келип уу коргошунду өзү кайнатып, идишин өзүнчө коюп, колдонбогула деп бизге катуу эскертип да жүрдү. Дарылоо тартибин катуу сактаган. Ошондон улам уу коргошундун коркунучун жакшы билем. КГНУда бир философ профессор агайыбыз туура эмес ичип алып каза болгонуна да күбө болгонбуз. Андыктан ичээрдин алдын этият болуп, эрежесин так сактагыла демекчимин!


Сиздин пикир