Кухнядан кыйкырган Жапыкеевге тонналаган алтын пара келип жатат

“Кухня” менен атагы чыккан Сыймык Жапыкеев акыркы кезде өз чөнтөгүнө иштеп жатат деген кептер тароодо. Буга чейин Сыймык Жапыкеев кухнясында отуруп алып, мамлекеттин казынасынан сол чөнтөгүн кампайткан атка кминерлерди санап, аларды бийликке келсе бирден кустура турганын айтып келген эле. Бирок арадан эки ай өтүп өтпөй айтылган тизмедеги адамдар унутта калып, дымы чыкпай калган. Сыймыктын жанында жургөн жакын адамдардын бири “Жапыкеев финполицияга келгени өз чөнтөгүнө иштеп жатат, ага азыр тонналаган алтындар, машина толо акчалар сунушталууда. Мен ишеним менен колдодум эле, көрсө Сыймык деле мекен үчүн эмес, өзү үчүн чуркаган экен. Элдин ишеничин актаган жок” –деп социалдык баракчасына жазып чыккан. Буга чейин да ага жазылган комментарийлерде анын пара алып кээ бир иштерди жаап коюп жатканын жазып чыгышкан. Айрым булактарга таянсак, Садыр Жапаров да Сыймык Жапыкеевди зекип, мекен үчүн эмес чөнтөк үчүн иштегенине жооп бере турган күн келерин айтканын жазып чыгышкан.

Эмнеси болсо да бул маалыматтардын чын-бышыгы шайлоодон кийин ачыкталып, калың элге маалымат болот деген ишенимдебиз.


Сиздин пикир