Курсан Асановдун жубайы $5 млн. алдамчылык кылган деп шек саналып жатканын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 7-январда тараткан маалыматта президенттикке талапкерлердин биринин жубайына карата сотко чейинки териштирүү иши башталганы айтылат.

Анда шектүүнүн аты-жөнү жана кайсы талапкердин жубайы экени ачык жазылган эмес.

Жазык кодексинин 204-беренесинин негизинде А.О деген жарандын арызынын негизинде У.К инициалындагы кыргызстандыкка карата сотко чейинки териштирүү иши башталып, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганы белгиленген.

Маалыматка караганда, талапкерлердин биринин жубайы ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн шек саналууда. Ал 2017-2018-жылдарда арыз жазган жарандан жалпы бизнес жүргүзүш үчүн 5 миллиондон ашык доллар алып, аны кайтарбай койгон деп айыпталууда.

Ким жөнүндө сөз болуп жатканы тууралуу маалымат берилген жок. Президенттикке талапкерлердин жубайлары жөнүндө толук маалымат жок, бирок Кулнара Усонканова президенттик жарышка катышып жаткан ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановдун жубайы. УКМКнын билдирүүсүндө арызданган адам чет элдик инвестор экени жана өлкөгө керектүү долбоорго капитал салууну көздөгөнү да жазылган.

Иш прокуратурага өткөрүлүп берилгени кабарланды.


Сиздин пикир