Клара Сооронкулова: “Президент болом деген адам мыйзамдуу түрдө акталышы керек болчу”

 

29-декабрда президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Каныбек Иманалиев жана Клара Сооронкулова маалымат жыйын өткөрүп, Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиевге карата соттук териштирүүлөр боюнча маселе көтөрүштү.

Клара Сооронкулова социалдык тармактарда Садыр Жапаровдун, Талант Мамытовдун, Камчыбек Ташиевдин акталганы тууралуу маалыматтар тарап жатканын айтып, бул боюнча сот чечимдерин изилдегенин билдирди.

“Түшүнүктүү болуш үчүн окуяны башынан айтып кетейин.  2013-жылы 29-мартта Биринчи май райондук соту Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду, Камчыбек Ташиевди 295-берене (бийликти басып алууга аракет кылуу) боюнча бир жарым жылга кескен. 2013-жылдын 17-июнунда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы (төрагасы Зулушев) үчөөнү актаган. Ошол эле жылдын август айында Жогорку соттун коллегиясы  Бишкек шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгарып, Биринчи май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Бир жарым жылдык жаза мөөнөтү аткарылган, ошол менен бул иш бүткөн. Бирок, 2015-жылы Талант Мамытов кандайча депутат болду деген суроо туулат. Жазык кодексинде оор кылмыш боюнча соттолсо, соттуулугу 10 жылдан кем эмес мөөнөттөн кийин жоюлат деп турат. БШК соттуулугу жоюлуптур деген маалымат берген” – деди Сооронкулова.

“16-октябрда Жогорку сот соттук коллегиясы (Судья-докладчы Жоомартов, Жаңыл Мамбеталы жана Атаназаров) бул ишке кайрадан кайтып келген. Бирок, кандай негизде кайрадан каралганы белгисиз. Анткени, Жогорку соттун өкүмү акыркы жана даттанууга жатпайт. Алар ишти кайрадан көтөрөт дагы, Жогорку соттун 2013-жылдагы август айындагы чечими болбогондой эле, ишти карап, Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырат. Эми бул нерсе бир дагы укуктук системада болбосо керек. Жалпы мамлекет үчүн коркунучтуу көрүнүш болуп жатат. Мамлекетти жетектеп турган адамдар, болгондо да УКМКны жетектеп тургандар күчкө салдыбы же башка ыкма колдондубу билбейм, бирок соттордун ушунчалык мыйзамсыздыгын көрө элек болчумун. Бул мамлекеттин беделине чоң зыян келтирет. Атаназаров, Жоомартов, Жаңыл Мамбеталы чыгарган өкүм боюнча тартип комиссиясына кайрылабыз. Мындай судьялар жазасыз калбашы керек“, – дейт Сооронкулова.

Клара Сооронкулова Саруу айылында барымтага алуу боюнча экинчи иш боюнча да айтты. Ал бул боюнча Жогорку соттун чечими 2020-жылдын 6-октябрында чыкканын белгиледи.

“Жогорку соттун соттук коллегиясы (Ишалиев, Токтомамбетов, Бакирова) Садыр Жапаровдун иши боюнча жаңы ачылган жагдайлардын негизинде ишти кайра тергөөгө жиберип жатат. Бул иш кандай аяктаганын билбейбиз. Анткени бардыгы жабык. Мыйзамсыз соттолгон киши мыйзамдуу акталышы керек болчу. Ачык соттук отурум өткөрүп, “далилдер жок, жалган көрсөтмө беришкен” деп айтыш керек болчу, муну эл көрүш керек эле. Президент болом деген адам мыйзамдуу түрдө акталганын бүт дүйнө жүзү көрүш керек эле. Жаңы жагдай катары эки күбө жалган көрсөтмө берген деп айтылып жатат. “Ошону териштиргиле” деп кайрадан ишти тергөөгө берип жатат.  Бирок мыйзамда жаңы жагдайлар, эгерде жалган көрсөтмө жөнүндө сөз болуп жатса, анда бул соттун чечими менен тастыкталышы керектиги жазылган. Ал күбөлөр жалган көрсөтмө бергендиги үчүн жоопкерчиликке тартылыш керек. Ошондо бул  жаңы ачылган жагдай болот. Жаңы ачылган жагдай боюнча тергөө иштери жүрүп, сот отуруму болуп, ошол жерде “жаңы ачылган жагдай бар экен, күнөөсү жок экен” деп тастыкталышы керек болчу” – деди Клара Сооронкулова.

Клара Сооронкулова 2017-жылдагы массалык баш аламандык боюнча дагы бир иш бар экенин айтып, бирок ал иш боюнча кандай чечим чыкканын билбей турганын айтты.

“Кандайча жана эмне болгонун билбейбиз, соттун чечимдерин таба алган жокпуз”, – деп кошумчалады ал.

Кыргызтудей.кж


Сиздин пикир