Келиним күйөөсүн “байке” дейт.Бир үй-бүлөнүн таң калыштуу окуясы

Жакында эле, 24 жаштагы балам үйлөндү. Келиним хиджаб салынат, 21 де. Баары жакшы, болгону ал
балама “сиз” , -деп кайрылып, “Актан байке”, -деп чакырат (аты өзгөртүлдү).
Ой тобо, күйөөсүн да байке дейби!? Мен ага, “чогуу жатканда да байке дейсиңби”, -деп айттым. Эч эле укпай койду. Бул адаты кыжырымды келтире баштады. Балама болсо баары бир. Кошуналар, баламдын достору, туугандар күлүп, шыбырашып калышат. Ал эми келиним кайра
өз билгенин кылат. Ага кантип түшүндүрүп айтсам болот?

Сиздин пикир