Камчыбек Ташиев: “Өзбектер сууну тосуп тосмо койбойт”

Бул тууралуу УКМКнын Төрагасы Савай эли менен жолугушуу учурунда жеринде билдирди:
“Эгерде чечим элге, депутаттарга тийешелүү адамдарга жакпаса анда чечимдер өзгөртүлүп, жер берилбейт. Буга чейин Өзбекстан 4100 гектар жерин бериптир. Ал жерде азыр жүз миңдеген адам жашап атат. Ош Бишкек жолундагы Ноокендин жолун Өзбекстан бизге бериптир. Өзбекстан бизге болгону 300 гектар жер калыптыр. Ал жерди бир дагы президент ала алган эмес. Мен Өзбекстанга 1000 гектар берсеңер алабыз десем, 300 гектар беребиз дешти. Акыры талашып тартышып атып 1000 гектар беришти. Бул миң гектар Сузак менен Өзгөн районуна бере турган болдук”-деп чечтик. Ошондо биз аларга суу астындагы жерди бере турган болдук. Бул жерди 50 жылдан бери турат, эч ким муну пайдаланган эмес. Суунун астындагы жерди пайдаланбасак, дагы жүз жыл тура берет. 4100 гектар жердеги элди көчүрүп чыгуу үчүн азыркы биздин Кыргызстандын абалында мүмкүн эмес. Өзбектер суунун баардык айланасына атайын тосмо койбойт”-деди ал.
Коом пресс

Сиздин пикир